Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Жалал-Абатта балдар жана карыларга тамакка акча аз бөлүнөт


Өлкө көз каранды эместик алгандан бери бала бакчалары кескин азайган. 242 бакчанын жүз он бири калган. Сузак, Аксы, Ала-Бука, Базар- Коргон райондору менен Жалал-Абат шаарында алардын тең жарымы азайган. Мектепке чейинки жайларды өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо жана аларды жеке менчикке өткөрүү зарылдыгын облустук билим берүүнүн усулдук борбору белгилейт. Бакчалардагы наристелердин тамак- ашына бөлүнгөн каражат да жетишсиз. Адам укугун коргоочулар психикалык оорулуу балдардын оокатына күнүнө каралган 65 сомдук, облустук карылар үйүндөгүлөргө бөлүнгөн 55 сомдук тамак- аш аздык кылаары тууралу тиешелүү тармактарга кайрыла турган болду. (YA)

XS
SM
MD
LG