Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

АКШ Иран менен сүйлөшүүгө үмүттөнөт


Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки Тегерандын атомдук программасын дүйнөнүн кубаттуу мамлекеттери менен талкуулоо "мүмкүнчүлүктөрдүн бири" деп билдирди. Апта башында Иран Батыш менен глобалдуу маселелерди гана сөз кылууга даярдыгын айткан. Ошол эле маалда Моттаки Иран атомдук программага болгон укугунан баш тарптайт деп белгиледи. Жума күнү АКШ Тегеран менен көп тараптуу сүйлөшүү өткөрүү үмүтүн билдирген. Бирок Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Филип Кроулей белгилегендей, Иран атомдук программасын талкуулоого көнбөсө, эл аралык коомчулук андан өз жыйынтыгын чыгарат.

XS
SM
MD
LG