Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Баткен: облус 10 жылдыгына акча топтоо башталды


Бул тууралуу өзүн Султан Амиров деп тааныштырган Баткен шаарынын тургуну бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Баткен облусунун 10 жылдык мааракесин белгилөө үчүн жөнөкөй атуулдардан да ар бир үй-бүлөдөн квартал башчылары жыйырма сомдон элүү сомго чейин акча жыйнап башташты. Ал эми мугалимдерден болсо ар биринен 50 сомодон жыйнагыла деген тапшырма болгон.

Ал эми облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишов эч кандай мажбурлап акча топтоо тапшырмасы болбогонун, болгону 22-сентябрда облустун 10 жылдык мааракесин белгилөө үчүн марафон жарыялангандыгын “Азаттыкка” билдирди.

Жыл башында облус мааракесине деп бюджеттик мекемелердин кызматкерлери менен мектеп мугалимдеринен бир күндүк эмгек акы жыйналып, 1 млн. сомдой акча топтолгон болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG