Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Араван эли Өзбекстанга жер өтүп кеткенин айтышууда


Буга байланыштуу райондун нааразы болгон тургундары губернаторго кайрылышты. Араван районунун тургуну Жакып Полотов «Азаттыкка» билдиргендей, чек араны аныктоо учурунда Керкидан айылына караштуу жүздөгөн бейит Өзбекстанга бөлүнүп кеткен. Ошол себептүү жергиликтүү эл аны кайтарууну талап кылууда. Ал эми чек араны бойлото жайланышкан Дадахан айылынын жашоочуларынын айтымында, алар электр энергиясын жана суугат сууну да Өзбекстандан алышат. Мында да коңшу өлкө ресурстарды керектүү маалда жаап койгон учурлары көп. Ошондуктан аравандыктар аталган көйгөйлөрдү бир жаңсыл чечүү өтүнүчү менен Ош облусунун губернатору Аалы Карашевге ырасмий түрдө кайрылышты.

Ош облустук администрациясынын басма сөз катчысы Гүлжамал Жороева болсо аравандыктардын арызы менен губернатор кабардар экендигин, маселе өкмөттөр аралык деңгээлде сүйлөшүлүп жаткандыгын маалымдады. (ATo)

XS
SM
MD
LG