Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

БЭКтин төрагасынын орун басарлары шайланат


Бул тууралуу Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында БЭКтин кийинки жыйынында анын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин эки орун басары шайланмакчы.

Андан тышкары БЭКтин катчылыгынын ишмердүүлүгү жана багыттары такталып, бөлүмдөрү түптөлмөкчү. Ошондой эле саясатчы билдиргендей, учурда оппозициядагы ири партиялар бир партияга биригүү маселесин бышырып жатышат.

“Бир партияга бириге алышпайт. Төрагалыкты талашып кетишет, деп айтып атышты эле. Бизде андай маселе жок. Керек болсо БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаев төрагалыкка Өмүрбек Текебаевдин өзүн сунуштап атат”,- дейт Топчубек Тургуналиев.

БЭКтин кезектеги жыйыны келаткан аптада болушу пландалган. (IJz)

XS
SM
MD
LG