Иран дүйнөлүк державалар менен глобалдык маселелер боюнча сүйлөшүүлөргө даяр. Бирок Тегерандын өзөктүк программасы боюнча талкууларды жүргүзбөйт. Бул тууралуу Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад билдирди. “Өзөктүк технологияга ээ болуу – бул Иран жана ирандыктардын мыйзамдуу укугу” деп билдирди Ахмадинежад. 9-сентябрда Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча сунуштардын пакетин АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германияга тапшырган.