Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Комитет “Курал жөнүндөгү” мыйзамды жактырды


Мыйзам долбооруна өзгөртүү жана кошумча киргизүү зарылдыгы тууралуу ички иштер министринин орун басары Талант Исаев депутаттарга маалымат берди. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык сыйлыкка берилген курал-жарактар ар бир беш жылда, ал эми жарандар өзү сатып алган куралдар үч жылда ИИМдин борборунда атылып, текшерилип турууга тийиш. Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча азыркы мезгилде калктын колунда 30 миң ок атуучу курал бар.1258 тапанча, 72 карабин жарандарга сыйлыкка берилген. Мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңеште каралмакчы.(AiT)

XS
SM
MD
LG