Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Бүгүн мусулмандар кадыр түн тосушат


15-сентябрдан 16-сентябрга караган түнү мусулмандар ыйык кадыр түн тосушат. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кадыр түн – ыйык курандын биринчи түшкөн күнү. Курандын “Кадыр” сүрөөсүндө куран түшкөн кадыр кечеси миң айдан жакшыраак деп белгиленген. Бул түнү периштелер жерге түшүп, ар бир адамдын келечек ырыскысы, тагдыр жолу аныкталат. Ошондуктан мусулмандар кадыр кечесинде таң атканча ибадат кылып, жаратканга жалбарып, жакшылык тилеп чыгышат. (AJ)

XS
SM
MD
LG