Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Канада Ооганстан боюнча планынан баш тартпайт

Канада 2011-жылы Ооганстандан өз аскерлерин чыгарып кетүү планынан баш тартпайт. Бул тууралуу Канаданын өкмөт башчысы Стивен Харпердин басма сөз кызматы маалымдады. 17-сентябрда Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен Канаданын өкмөт башчысы Стивен Харпер жолугушмакчы. “Обама бул чечимди өзгөртүүнү өтүнсө да, премьер-министр ага макул болбойт” деп билдирди өкмөт башчынын басма сөз жетекчиси. Ооганстандагы аскердик операциялардын жүрүшүндө болжол менен 130 канадалык жоокер набыт болгон.
XS
SM
MD
LG