Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Ж.Мукамбаевдин сөздүгү чыгарылды


Кипрдеги Гирне-Америка университетинин директору Серхат Акпынардын демөөрчүлүгү жана профессор Кадыралы Конкобаевдин редакторлугу менен Жээнбай Мукамбаевдин “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү” басып чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кадыралы Конкобаев билдирди. Маркумдун китебинин биринчи тому 1972-жылы басылып чыгып, бирок саясий катачылыкка жол берилген деп автор куугунтукка алынган. Эми китеп бир миң нуска менен толукталып жарык көрдү жана анын бет ачаар аземи 24-сентябрда кыргыз-түрк Манас университетинде болот. Китепте 33 миңге жакын сөз камтылган. Жалпысынан Жээнбай Мукамбаев кыргыздын 80 миңдей сөзүн топтогондугу маалымдалды.(AiT)


XS
SM
MD
LG