Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:52

А.Атамбаев Балыкчыда тарапкерлери менен жолугушту


Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев бүгүн Балыкчы шаарындагы соттук жараянга катышты. Андан сырткары оппозиция лидери соттолуп жаткандардын жакындары менен жолугушуп, анда айыпталып жаткандарга ар тараптуу жардамдар берилип жатканын жана дагы да бериле берерин билдирди. Алмазбек Атамбаевдин Балыкчыдагы тарапкерлери 23-июлда президенттик шайлоо күнү шайлоо участкасына жана Балыкчы шаардык мэриясына келип, таза жана адилет шайлоо талап кылышкан. Мэриянын алдында милиция менен кагылышуу болуп, ондогон адамдар кармалган. Тартип коргоо органдары аларга конституциялык түзүлүшту өзгөртүүгө, шайлоону бузууга аракеттенген жана массалык баш-аламандык жасаган деп айып коюуда. (AiT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG