Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Жорж Бушту "ботинкелеген" журналист түрмөдөн чыкты


Ирактык журналист Мунтазер ал Саиди былтыр декабрда АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш Багдатта журналисттер менен жолугушкан учурда АКШ Иракты басып киргенине нааразылык иретинде Бушту өзүнүн бут кийими менен урган эле. Буга чейин анча белгисиз журналист ошол окуядан кийин арап дүйнөсүндө баатырга айланган. Аны алгач үч жылга түрмөгө кесишти. Кийин мөөнөтү кыскартылып отуруп, түрмөдөгү жакшы жүрүм-туруму үчүн мөөнөтүнөн мурда чыгартылды. Журналист бүгүн түрмөдөн чыккандан кийин маалымат жыйынын өткөрүп, түрмөдө отурган учурда аны ур токмокко алып, кыйнашканын айтты: "Ошол кезде Ирактын премьер-министри сыналгыдан сүйлөп, Жорж Буш эсен-аман экендиги тууралуу толук ишенмейин, уктабай турганын айтып чыкты, - деди ал журналисттерге. - Премьер-министр сүйлөп жаткан кезде мени зым, темир-тезек менен сабап, токко урдуруп жатышкан".

XS
SM
MD
LG