Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Иран менен сүйлөшүүлөр Түркияда өтүшү мүмкүн


Октябрда боло турган сүйлөшүүлөр маалында Иран өзүнүн өзөктүк программасына байланыштуу бардык суроолорго так жооп кайтарышы керек. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон билдирди. Анын айтымында, Иран делегациясынын дүйнөнүн алдыңкы алты өлкөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу – Тегерандын сүйлөшүүлөргө даярдыгын көрсөтүүдө. Евробиримдиктин лидерлеринин бири Хавиер Солана сүйлөшүүлөр Түркияда өтүшү мүмкүн экендигин айтты. Батыш өлкөлөрү жана АКШ Иран өзөктүк курал жасоодо деп шекшип келет. Тегеран мындай дооматтар менен макул эмес.

XS
SM
MD
LG