Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:25

Ажылык сапарды уюштуруу талкууланды


Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 15-сентябрда мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу быйылкы жылы ажылыкты уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү. Ага вице-премьер-министр Ө. Абдуллаева, транспорт жана коммуникация министри Н.Сулайманов,муфтий Мураталы ажы Жуманов, дин иштери боюнча агенттиктин башчысы К.Осмоналиев жана башкалар катышты. Жыйында быйылкы жылы ажылык үчүн Кыргызстанга 4500 кишиге квота берилгени жана алардын алгачкы бөлүгү 5-ноябрда сапар алары белгиленди. Ажыларды “Кыргызстан”, Кыргызстан транс авиа”, “Эйр Манас” авиакомпаниялары ташыры, сапарга чыккандар медициналык кароодон сөзсүз өтүү зарылдыгы жана өткөн жылдагыдай кемчиликтерге жол бербилбеш керектиги аталды.(AiT)



XS
SM
MD
LG