Республикалык деңгээлдеги иш-чара эртең Чүйдөгү Манас айылында өтөт. “Ак шумкар кут” жаштар уюмунун башчысы Мирхамид Токтогул уулунун билдиришинче, бул бейрасмий майрам күзгү жыйым-тайымдын аяктаганына байланыштуу эл-журтка жакшылык тилөө максатында уюштурулат. Аруулануу күнү жети жылдан бери өткөрүлүп келатат. (EBM)