Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:00

Иран оппозициясы жума күнкү акцияга катышат


Иран оппозициясынын 3 лидери жума күнү Палестинаны колдоо иретинде өткөрүлө турган демонстрацияга катышарын билдиришти. Бийлик ал акция президент Ахмадинежадга каршы нааразылык чарага айланбоого тийиш деп эскертип келатат. Мурдагы реформачыл президент Мохаммад Хатами, экс-премьер Мир Хосейин Мусави жана Мехди Каруби Иерусалим күнүнө арналган жүрүшкө барышарын ырасташты. Акыркы ири демонстрация Тегеранда 9-июлда болгон. Анын катышуучулары 1999-жылы студенттердин көтөрүлүшү күч менен басылганда курман болгондорду эскеришкен. Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жума күнкү демонстрацияны Палестина элине тилектештик көргөзүү үчүн гана колдонууга үндөөдө.

 

XS
SM
MD
LG