Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

“Ата Мекен” партиясы жыйын курду


15-сентябрда “Ата Мекен социалисттик” партиясынын саясий кеңешинин жыйыны болуп, анда саясий кеңешке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жана Социал-демократиялык партия менен биригүү маселеси каралды. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Гүлниза Бейшембаеванын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, партиянын саясий кеңешине жаңы мүчөлөр кабыл алынды. Жалпысынан анда 60 мүчө болуп, анын 70% 45 жашка чейинки активистер болду. Социал-демократиялык партия менен биригүү маселесин иликтөө үчүн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев башында турган жумушчу топ түзүлдү. Ал топ социал-демократтар менен кандай шартта, кандай жол-жобо менен биригүүнү иликтейт жана сүйлөшүүлөр жүргүзөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG