Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Ат-Башыда карышкыр адамга кол салды


Окуя Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл округунун Бороонду деген жеринде болгон. Күүгүм кирген маалда сырттан көң алып келе жаткан Динара Мамырбаеванын каруусунан карышкыр тиштеп өткөн. Ошол маалда ары жакта жүргөн келиндин кайнатасы Качкын Жаңыбаев союл менен бир нече жолу карышкырды башка чаап, эсин оодарып, анан мылтык менен атып өлтүргөн. Мындай маалыматты облустук Теңир-Тоо гезити жарыялады. Ал эми Ак-Муз айыл округунун башчысы Сүйүнбек Жолболдиев адамга кол салган карышкырдын башы текшерүүгө жөнөтүлүп таза чыккандыгын, жабырланган жарандар ооруканага жаткырылып дарылангандыгын телефон аркылуу маалымдады. (KUs).

XS
SM
MD
LG