Казакстан Азия өнүгүү банкынан жарым миллиард доллар насыя алмакчы. Бул тууралуу өлкөнүн финансы министрлиги билдирди. Кыска мөөнөткө берилчү кредит боюнча келишимге бүгүн Астанада кол коюлду. Банк бөлгөн каражат бюджетти колдоого жана финансылык кризистин кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталмакчы. Борбор Азиядагы эң ири экономикасы болгон Казакстан кредит тармагындагы кыйынчылыктар менен мунай баасынын төмөндөшүнөн жабыркаган.