Аталган фонддун жетекчиси Санаткүл Жамакееванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча мамлекет тарабынан мыйзамсыз тартылып алынган имаратты кайтарып алуу тууралуу арыз Башкы прокуратурага жолдонмокчу. Анын айтуусунда Разаков-8А дарегинде жайгашкан имаратка эч кандай соттун чечими чыкпаса дагы, мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери, сот чечимин аткаруучулар, милиционерлер келип, күч менен басып алышкан. Санаткүл Жамакеева буга чейин Жогорку сот тарабынан чечим чыгарылган Разаков-8 дарегинде жайгашкан имаратты “Туңгуч президенттин китепканасы” фонду өз эрки менен мамлекетке кайтарып берген. Ал эми анын жанындагы имаратка сот чечиминин эч кандай тиешеси жок, дейт экс-президенттин балдызы.
15-сентябрда мамлекеттик органдын өкүлдөрү мурдагы президент Аскар Акаевдин китепканасы делген имаратка келип, андагы буюм-тайымдарды эсептеп, мөөр басып кетишкен.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинен бул имарат Аскар Акаевдин үй-мүлктөрүнүн катарында Жогорку Соттун чечими менен мамлекетке кайтарылгандыгын “Азаттыкка” маалымдашкан.(ZKo)