Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Москва районунун акими алмашты


КР президентинин бүгүнкү жарлыгы менен Москва районун акими Кубанычбек Сыйданов кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна Искендер Кадыркулов Чүй облусундагы Москва районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Москва районунун жетекчиси үстүбүздөгү жылдын 26-апрелиндеги Петровка чатагынан кийин алмаштырылган эле. 3 жашар кызды зордуктады деп айыпталган күрт улутундагы жигиттин ээн-эркин басып жүргөнүнө кыжырданган петровкалыктар айылдагы күрттөрдүн баары көчүп кетүүсүн талап кылып, баш-аламандык болгон. Окуяга кайдыгер караган деген негиз менен райондун акимчилиги, ИИБнүн жетекчиси, прокурору кызматынан алынышкан. Ошол убакта иштен алынган акимдин ордуна Коомдук палатанын төрагасы, президенттин кеңешчиси Кубанычбек Сыйданов дайындалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG