Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

АКШ ракетадан коргонуу боюнча Европа планына “олуттуу түзөтүү” киргизет


Бул тууралуу Вашингтондон Пентагондун маалымат катчысы Геофф Моррел билдирди. Анын айтымында, план АКШнын күчтөрүн жана анын Европадагы өнөктөштөрүн Ирандын ракеталык чабуулунан жакшыраак коргоо үчүн өзгөртүлдү. Пентагондун өкүлү ал кандай өзгөрүү экенин чечмелеген жок, АКШ мындай кадамга бир чети Иран узак аралыкка учууучу ракеталарды жасоого баштагыдан азыраак көңүл буруп калганынан улам барып жатканын кошумчалады. Пентагондун өкүлүнүн жогорудагы сөздөрүнүн алдында АКШ Чехиянын аймагында радар системасын жайгаштыруу планынан баш тартып жаткандыгы тууралуу бүгүн Прагадагы маалымат жыйынында чех премьер – министри Ян Фишер билдирген эле. Анын айтымында президент Барак Обама бул тууралуу чех тарапка өткөн түнү телефон чалып кабарлаган.

АКШнын Чехияда радарын ал эми коңшу Польшада ракета кармоочу жабдууларын жайгаштыруу планына Орусия кескин каршы чыккан.

Польшанын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Варшава Вашингтондун соңку чечиминен кабардар экенин, бирок АКШ администрациясынын расмий жарыясын күтөөрүн билдирди. АКШ коргоо министри Роберт Гейтс бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 8:30та маалымат жыйынын өткөрөрү күтүлүүдө.

Жогорудагы кадам Чыгыш Европада АКШнын Орусия менен алакасын жакшыртуу аракети анын аймактагы өнөктөштөрүнүн эсебинен жасалабы деген тынчыздануулар айтылып жаткан учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG