Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Ошто абактан качкандарды кармоо операциясы өтүп жатат


Ошто коопсуздук комитети абактагы үч адамды качырып жиберген кызматкерлердин үстүнөн иликтөө баштады. 17-сентябрда эртең менен саат төрт чамасында коопсуздук комитетинин Ош облустук жана шаардык башкармалыгына караштуу тергөө абагынан үч адам качып кеткен. Алардын экөөсү тыюу салынган «Хизб-ут-тахрир» партиясына жардамдашып, экстремисттик ишмердик менен алектенген деп айыпталып жаткандар болчу. Ал эми үчүнчүсү Өзбекстандын тыңчысы катары шектелип жаткан. Алар кандай жагдайда качып чыгып, кантип изин жашырууга үлгүрүшкөндүгүн тергөө кызыкчылыгына байланыштуу УКМК ачыктоодон баш тартты. Акыркы сааттарда маалым болгондой, аталган аймакта Чек ара кызматынын, ИИМдин жана Жаза өтөө башкармалыгынын биргелешип жүргүзгөн атайын операциясынын негизинде абактан качкандардын бирөөсү кармалды. Ошондой эле Кыргызстандын атайын кызматы өзбекстандык кесиптештерине да көмөк сурап кайрылды. (ATo)

XS
SM
MD
LG