Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Жалал-Абатта Баткен согушунда курман болгондор эскерилди


Чет элдик жоочулардан Баткен аймагын коргоодо он жыл мурун Жалал- Абат облусунун 17 тургуну курман болгон. Баткен согушуна арналган юбилейлик медалдар курман болгондордун тууган-уруктарына материалдык баалуу белектер менен бирге тапшырылды. 1999- жылы болуп өткөн Баткен согушунда облустун Майлуу-Суу шаарындагы өзүнчө батальондун беш жоокери окко учкан. Шаарда алар үчүн тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, эскерүү митинги болуп өттү. Жергиликтүү бийлик Баткен шаарында эртең эстеликти ачуу салтанатына майлуу-суулук жоокерлердин туугандарын алып бара турган болду. Коомчулук Мекенди коргоодо курман болгондорго берилген миңден үч миң сомго чейинки белек-бечкек аздык кылаарын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG