Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Таиландда өкмөткө каршы демонстрация өттү

Бангкоктогу бүгүнкү демонстрацияга кызыл көйнөкчөн миңдеген адам чыкты. Мурдагы премьер- министр Таксин Чинаватра бийликтен аскерий төңкөрүш аркылуу кулатылган күндүн үч жылдыгына байланыштуу бүгүн өлкө башкааласында коопсуздук чаралары да күчөтүлгөн эле. “Кызыл көйнөк” деп аталган кыймылдын айтымында, алар азыркы премьер – министр Абхисит Ветчачива отставкага кетип, жаңы шайлоо өткөрүлүүсүн көздөйт.

2006-жылдын 19-сентябрында ишке ашырылган төңкөрүштөн бери Таиланд саясий башаламандыктан арыла албай жатат. Ал эми үч жыл мурун ушул күнү бийликтен кулатылган Таксин Чинаватра учурда сүргүндө жашайт.
XS
SM
MD
LG