Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Жапония Ооганстан боюнча саясатын кайра карайт


Жапониянын “Йомиури Шимбун” гезитинин жазганына караганда, өлкөнүн жаңы премьер- министри Юкио Хатояма Ооганстанга айыл чарба жагынан, ошондой экономиканы жана социалдык чөйрөнү стабилдештирүүчү башка жардамдарды сунуш кылууну көздөөдө. Хатояма премьер- министрликке анын борборчул-солчул Демократиялык партиясы шайлоодо ири жеңишке жетишкен соң, ушул шаршембиде бекитилди. Ал шайлоо өнөктүгү учурундда Ооганстан боюнча саясатты өзгөртүүнү, анын ичинде АКШ баштаган эл аралык күчтөрдү Инди океан аркылуу күйүүчү май менен камсыз кылуу миссиясын токтотууну убада кылган. Анткени Жапониянын Конституциясында армиянын өлкөнүн өзүн гана коргоосун караган норма болгондуктан, жогорудагыдай миссия жапондордун бир бөлүгүн кооптондурчу.

XS
SM
MD
LG