Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму казак бийликтерин адам укугун коргоочу активист Евгений Жовтистин аппеляциялык сотун адилет өткөрүүгө үндөөдө. Уюмдун Демократиялык институтар жана адам укуктары боюнча бюросунун директор орун басары Дуглас Вейктин айтымында, алар алгачкы сот жараяны учурундагы бир катар мыйзам бузуулар боюнча тынчыздануусун буга чейин эле жөнөткөн. Сот Казакстандын адам укуктары боюнча бюросунун башчысы Евгений Жовтис ушул айдын башында адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн күнөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Жовтистин жактоочулары укук коргоочунун соттолушунда саясий жүйөө бар деп эсептешет.