Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Бүгүн Орозо айт майрамдалууда


Бүгүн мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт майрамдалууда. Отуз күндүк орозодон кийинки бул майрам күнү эртең менен жамаат ичинде намазга жыгылуу салтка айланган. Бишкектин борборундагы эски аянтта да жылдагыдай калың эл чогулуп, айт намазы окулду. Эртең мененки саат сегиз ченде башталган майрамдык намаз бир саатка созулду. Бишкектеги майрамдык намазга бери дегенде 60-70 миң чамалуу адам чогулганы айтылууда. Борбордогу эски аянтка жыйылган элди вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу куттуктады. (IJz)

XS
SM
MD
LG