Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Түмөндө кыргызстандык жарандар кармалууда


“Исенкор” интернет сайты тараткан маалыматка караганда, 15-сентябрда аталган интернет басылмасына Ош шаарындагы “Укук жана тартип” укук коргоо борборунан кайрылуу түшкөн. Кайрылууда Ош шаарынын тургуну Абиджан Муролимовду үй-бүлөсү жана беш жакын тууганын Кара-Суу районундагы Кашгар кыштагынын тургуну Угилкан Умарова Орусиянын Түмөн (Тюмен) облусуна иштеп келүүнү сунуштап, алардын колуна үч миң сом берип, транспорт менен камсыз кылганы белгиленген. Аларды Түмөндөн кавказ улутундагылар тосуп алып, акыр-чикир төккөн жайда иштөөгө мажбур кылышкан. А.Муролимовдор ал жерде иштөөдөн баш тартканда кавказ улутундагылар аларды У.Умаровадан сатып алышканын айтышкан. Бир айдан кийин А.Муролимов үй-бүлөсү менен качып чыгып, Түмөн шаарынын тургундарынан жолго каражат таап Ошко зорго жетишкен. Түмөндө кавказ улутундагылардын колунда 1968-жылы туулган Эркинжон Хакимов, Ирода Хакимова, Эркинай Хакимова, 1993-жылы туулган Умиджан Хакимов, 1994-жылы туулган Элмурод Хакимовдор калышкан. А.Муролимов жакын туугандарын бошотууга жардам сурап “Укук жана тартип” укук коргоо борборуна кайрылган. Бул маселе боюнча аталган укук коргоо борбору Орусиянын Эсептөө палатасына, Урал аймагынын башкы прокуратурасына жана башка тиешелүү органдарына кайрылып, жооп ала алган эмес. Ал эми Кара-Суу районунун прокуратурасына кайрылышканда, алар Кылмыш-Жаза кодексинин 124-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Миграция иштери боюнча мамлекеттик комитетке бул маселе боюнча эч ким маалымат бербегенин жана арыз менен кайрылбаганын агенттиктин басма сөз кызматынын башчысы Венера Жусупова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эгерде “Укук жана тартип” укук борбору же А.Муролимов бул маселе менен Миграция иштери боюнча мамлекеттик комитетке расмий кайрылса аталган комитет тиешелүү чараларды көрөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG