Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Мамлекеттик тилге байланыштуу конференция өттү


Улуттук филармониянын кичи залында өткөрүлгөн “Мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда “Кыргызстандагы мамлекеттик тил саясаты”, “Тил-улуттун автопортрети”, “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жаңы этабы”, “Кыргыз тилин клиникада өнүктүрүү” деген темада доклад жасалды.

Соңунда жогорку бийлик органдарына кайрылуу жолдонду. Анда бардык мамлекеттик жана менчик ишканалар Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга байланыштуу жарлык, токтом, чечимдердин аткарышын бекем көзөмөлгө алуу, бардык адистиктерди кыргызча окутуу жана окуу китептердин мазмунун жакшыртуу, илимий-теориялык маалыматтар, технологиялар менен камсыздоо маселесин жүзөгө ашырууну Билим жана илим министрлигине тапшыруу каралды. Ошондой эле Улуттук тилди, адабиятты жана маданиятты изилдеген илимий кызматкерлерге жана аларды окуткан жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын эмгек маянасын 20-30 пайызга чейин көтөрүү, өлкө аймагында көрсөтүлгөн телекомпаниялардын жана уктурулган үн алгылардын берүүлөрү кыргыз тилинде 50 пайыздан кем эмес болушуна аракеттер жасоо сунушталды. (AJ)

XS
SM
MD
LG