Иран өзүнүн өзөктүк программасынын алкагында жаңы баскычка жеткенин билдирди. Ирандын Өзөктүк кубат боюнча уюмунун жетекчиси Али Акбар Салехи уранды байытууну тездетүүгө жол ачкан центрифугалар сыналып жатканын билдирди. 1-октябрда Иран менен дүйнөнүн алдыңкы алты өлкөсүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталмакчы. Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал жасоодо деп шектенсе, расмий Тегеран мындай дооматтарды четке кагып келет.