Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

“Таблиг жамаатты” мыйзамсыз деп табуу сунушталды


Бүгүн Коопсуздук кеңештин катчылыгында жыйын болуп, анда диний фанатизмге жол бербөө маселеси талкууланды.Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров жыйында “Таблиг жамаат” уюмунун мыйзамсыз деп таанууну Жогорку Сотко сунуштоону, жергиликтүү бийликте дин иштери боюнча адистин иштешин камсыздоону, мектептерде дин таануу сабагын киргизүүнү жана өлүм жазасын калыбына келтирүүнү жактады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов өлүм жазасын кайрадан киргизүү демилгесин колдоп, оор кылмыш жазаган адамды өкмөттүн өмүр боюнча багып жатышы туура эмес деген пикирин айтты.”Таблиг жамаат” уюмун мыйзамсыз деп таануу боюнча маселени Башкы прокуратура иликтеп, Жогорку Сотко арыз жолдоо маселелсин карамак болду.(AiT)

XS
SM
MD
LG