Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров бүгүнкү жыйында күч органдарына экстремизм жана терроризм боюнча айыпталгандарды өзүнчө камоо сунушун киргизди. Анын айтуусунда мындай айып менен камалгандар өздөрү менен кошо абакта жаткан башкаларды да диний экстремизм жолуна азгырып кетүүдө. Ошондуктан, келечекте аларга өзүнчө абак жайын куруу зарылдыгын белгиледи Коопсуздук Кеңешинин катчысы.
Такталбаган маалыматтар боюнча Кыргызстанда диний экстремизм жана терроризм боюнча айыпталып, камалгандарды саны өткөн жылдарга салыштырмалуу 4-5 эсеге өскөн. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова камалып тургандардын басымдуу бөлүгү диний экстремизмге эч кандай тиешеси жок, бул айып күч кызматтарынын аракети менен жасалма көбөйтүлүп жатат, деген пикирин "Азаттыкка" билдирди.(ZKo)