Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

К. Бакиев: Кесипкөй тилмечтерди даярдоо керек


КР мамлекет башчысы бул тууралуу бүгүн кыргыз тили "Мамлекеттик тил" макамына ээ болушунун 20 жылдык мааракесинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. К. Бакиев Кыргызстан жыл өткөн сайын дүйнөлүк аренадагы абалын бекемдеп келе жаткандыгын белгилеп, келечекте расмий документ алмашуулар, бардык деңгээлдеги расмий жолугушуулар кыргыз тилинде жүргүзүлө турган болот, деп билдирди. Президент ошондой эле тилди мажбурлап эмес, жарандардын өз каалоосу менен үйрөнө турган шарттар түзүп берүү керектигин айтып кетти. “Мамлекеттик тил күнүмдүк коомдук, саясый, экономикалык жана маданий турмушта негизги байланыш каражаты катары колдонулушу керек. Биз бул тилекке сөзсүз жетебиз, анткени бизде эрк да, каалоо да, жалпы элдик колдоо да бар”, - деди К.Бакиев.

Айрым кыргыз тил күйөрмандары мамлекеттик тилдин өнүкпөй жатышына мамлекет тарабынан жеткиликтүү колдоо жоктугун, кыргыздар өздөрү баш болуп кыргызча сүйлөөнү жеришерин билдирип келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG