Бүгүн Бишкектеги Хаят мейманканасында “Борбор Азия диалогу” деген темада коммерциялык банктардын эл аралык жыйыны болду. Анда сөз сүйлөгөн Кыргызстандагы банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев банктардын Бишкектеги эл аралык жыйыны жыл сайын салабаттуу деңгээлге көтөрүлүп жатканын жана бул жылкы жыйынга 16 өлкөдөн 200 катышуучу келгенин билдирди. Ал ошондой эле кризис шартында Кыргызстандын банк системасы туруктуулугун көрсөтө алганын белгиледи.”Азиауниверсал” банкынын жетекчиси Михаил Надель Кыргызстанда 23 банк көптүк кылаарын айтып, банктарды ирилештирүүну жактады.(AiT)