Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

М.Конгантиев ЕККУ жыйынына катышууда

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын бүгүнкү кабарлоосуна караганда, министр Молдомуса Конгантиев Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Туруктуу Кеңешинин Венадагы жыйынына катышат. Жыйын 24-25-сентябрда болот. Туруктуу Кеңеште Молдомуса Конгантиев 2012-жылга чейин кыргыз милициясын реформалоо боюнча жүргүзүлө турган иштер тууралуу маалымат берет. Белгилүү болгондой министрлик ички иштер органдарын 2009-2012-жылдары реформалоо боюнча план иштеп чыккан. Аны ЕККУ колдоого алган.(AiT)
XS
SM
MD
LG