Эки эненин төрөттөн каза болгон фактысы боюнча кылмыш иш козголгонун «Азаттыкка» Ош облус прокурору Жолдошбай Сулайманов билдирди. Ал ошондой эле бүгүн Жогорку Кеңеште козголгон Ош облусундагы он жети эненин төрөт убагында каза тапкандыгы туурасында маалыматты ырастай албастыгын кошумчалады. Ош облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Валентина Акимова адегенде суроолорубузга жооп берүүгө макул болуп, бирок учураганыбызда сүйлөшүүдөн баш тартты. Буга дейре борбордук массалык маалымат каражаттары саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетовдун 24-сентябрда Жогорку Кеңеште жарыя кылган маалыматына шилтеме жасап, Ош облусунда төрөт маалында энелердин өлүмгө учураган 17 фактысы катталгандыгын, окуя боюнча прокуратура тергөө жүргүзүп жаткандыгын жазып чыгышкан. (ATo)