АКШ президенти Барак Обаманын Иран менен тикелей дипломатиялык алака түзүү чакырыгы мурдагы президент Ж.Буштун өкмөтүнүн саясатынан баш тартуу дегенди туюнтат. АКШ менен Иран дээрлик 30 жылдан бери эч кандай расмий дипломатиялык байланыш түзгөн эмес.