Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 03:22

Б.Нетаняху: “Тынчтыкта жашоону каалайбыз”


Израил палестиндер менен тынчтыкта жашоону каалайт. Бул тууралуу Израилдин өкмөт башчысы Бинямин Нетаняху билдирди. Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Нетаняху Улуттар уюмунун жакында эле жарыяланган баяндамасын сынга алды. Уюмдун отчетунда “ушул жылдын башында Газа тилкесиндеги аскердик операциясы маалында Израил ашыкча күч колдонгон” деп айтылат. Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас “ал-Хайят” гезитине курган маегинде, Израил менен сүйлөшүүлөр качан башталары белгисиз болгонун айтты. “Себеби эки тараптын ортосунда Иерусалимдин макамы, Батыш жээкте жөөт конуштарынын курулушу өңдүү олуттуу пикир келишпестиктер бар” деди Аббас.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG