Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Ооганстандын түштүгүндө АКШнын беш жоокери мерт болду


АКШ армиясынын билдиргенине караганда, алардын үчөөсү кечээ жол боюна көмүлгөн бомбанын жарылуусунан каза тапты. Бирөөсүн согушкерлер атып кетишсе, дагы бирөөсүнө күзөттө турган жеринен кол салынган. Муну менен быйылкы жылы Ооганстанда курман болгон чет элдик жоокерлердин саны 360га жетти. Талибан режими бийликтен кулатылган 2001-жылдын соңунан бери АКШ жана НАТО күчтөрү эң көп жоготууга быйыл учуроодо.

XS
SM
MD
LG