Либералдык-демократиялык партиянын лидери Влад Филаттын талапкерлигин парламенттеги 101 депутаттын 53ү колдоду. Мунун алдында быйыл июлда өткөн парламенттик шайлоодо либералдык манайдагы партиялардын коалициясы жеңишке жетишүүсү менен Коммунисттик партиянын сегиз жылга созулган бийлиги аяктаган эле. Бул аралык Евробиримдик Молдовада бийликке европачыл багытты карманган өкмөттүн келиши менен кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдирүүдө.
Анткен менен саясий кырдаалдагы туңгуюк али сакталууда. Молдованын жаңы президентин шайлоо үчүн парламенттеги 101 добуштун бештен үч бөлүгү талап кылынат. Коммунисттердин парламентте либерал талапкерлерди өткөрбөй койгудай добушу бар.