Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин билим берүү жана маданият бөлүм башчысы Жамалидин Эшанкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында үч күнгө эсептелген бул иш чара октябрь айынын орто ченинде өткөрүлөт. Азырынча Тажикстандагы кесиптештери менен макулдашуу жүргүзүлүп, Кыргызстан тарабынан даярдалган кино тасмаларды Коженттин облустук телекомпаниясынан көрсөтүү убактылары белгиленип жатат. Андан сырткары көргөзмө жармаңкелер, маданият кызматкерлеринин өнөрпоздору тарабынан даярдалган эмгектер көрсөтүлөт. Бул демилге облус жетекчилиги тарабынан көтөрүлүп, эки элдин ынтымагын бекемдөөгө жана кызматташууну арттырууга багытталган. (JsA)