Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:52

Режиссер Роман Полански камалды


Ал Цюрих кинофестивалына катышканы келгенде, бүгүн аны Швейцариянын полициясы камакка алды, деп билдиришти фестивалдын уюштуруучулары. Полиция азырынча билдирүү тарата элек. Полански 31 жыл мурда АКШда бойго жете элек кыз менен төшөккө жаткан деп айыпталган болчу. Цюрихтеги кинофестивалда ал кинодогу жетишкендиктери үчүн атайын сыйлык алганы келген экен. Полански жалпы көрүүчүлөргө 2002-жылы тартылган “Пианист” деген тасмасы менен белгилүү.
XS
SM
MD
LG