Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Б.Бешимов саясий билдирүү таратты


Жогорку Кеңештин СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов аны август айында күч менен жок кылуу аракети болгондуктан өлкөнү убактылуу таштап кетүүгө мажбур болгонун саясий билдирүүсүндө белгиледи. Ал ошондой эле “23-июлда К.Бакиев шайлоону биротоло жок кылып, мамлекеттин цивилизациялуу демократиялык багытта өнүгүү мүмкүнчүлүгүн жойду. Өлкөнү бүгүн легитимсиз кылмыштуу бийлик башкарып жатат. Мен мындай бийликти тааныбайм”,-деп билдирген. Б.Бешимов, “Жогорку Кеңеш депутат Кубанычбек Кадыровду кол тийбестик укуктан ажыратуу менен кылмыштуу саясатты аткарып, мыйзам чыгаруу органын биротоло курутту. Менин тандоом өзгөрүүсүз калат: демократия, эркиндик жана мамлекеттин мыкты келечеги – бул менин жолум”,-деген билдирүүсүндө.

Парламенттин этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Динара Молдошева СДП фракциясынын лидеринин билдирүүсү менен толук таанышып, андан кийин пикирин айтарын “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG