Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 14:09

Орусиянын депутаттары Канттагы базада болушту


Алар Канттагы орусиянын аскер базасынын штабында, жоокерлердин казармасында, офицерлерин балдары окуган мектепте болушту. Андан соң Канттагы №25 техникалык лицейдин абалы менен таанышты. Буга чейин Орусиянын федералдык жыйынынын парламентарийлеринин делегациясы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинде окуу жайдын администрациясы жана окутуучулары менен жолугушкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Орусиялык делегацияны Мамлекеттик думанын депутаты Михаил Залиханов жетектеп келген. Орусиянын парламентарийлери 29-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык жыйынынын кызматташуусу боюнча парламенттер аралык комиссиянын экинчи жыйынына катышышат. (AJ)
XS
SM
MD
LG