Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун ашы өткөрүлдү


Бишкектеги “Дасмия” элдик-этнографиялык борборунда замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү анын ашын өткөрдү. Ага мамлекеттик, коомдук ишмерлер, депутаттар, акын-жазуучулар, көркөм өнөр адамдары жана айылдаштары катышты. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюрнберг шаарындагы ооруканада катуу оорудан улам 2008-жылы 10-июнда кечке маал дүйнө менен кош айтышкан. Жазуучу 16-майда орусиялык телеканал тартмакчы болгон өзү жөнүндөгү даректүү тасмага тартылуу үчүн Татарстанга барган учурда ноокастап, Казан шаарындагы ооруканага жаткырылган жана көп өтпөй Германиядагы Нюрнберг клиникасына которулган эле. Ч.Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда таланттуу жазуучу катары дүйнөгө таанылып, мыкты чыгармалары үчүн бир катар жогорку сыйлыктарды алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG