Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

“Кинопоезд-2009” Кыргыз-түрк университетинде


Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде Европанын 19 өлкөсүнөн келген таланттуу жаш кинематографисттер тобу менен устаттык сабак өткөрүлдү. Ага Коммуникация факультетинин окутуучу жамааты жана студенттери катышышты. Алгач коммуникация факультетинин студенттери тарабынан даярдалган тасмалар көрсөтүлдү. Андан соң киноматографисттер долбоорунун жетекчиси Татьяна Петриктин сунушу менен долбоордун катышуучуларынын көптөгөн эл аралык сыйлыктарга ээ болгон кыска метраждуу 3 даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультети кино искусство тармагынын чыгаан таланттары менен үзгүлтүксүз кызматташып келет. Кыргыз киносунун кайрадан жаралуусу жана өнүгүшүндө жаш кинематографисттердин теоретикалык жана тажрыйбалык сапаттуу билимге ээ болуусу факультеттин эң негизги максаты болуп эсептелет. Бул тууралуу аталган университеттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG