Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

№38 мектептеги тополоңдон 50 окуучу камакка алынды

Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, кармалгандар азыр Свердлов ички иштер бөлүмүндө сурак берип окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Бүгүн Бишкектеги №38 мектептин терезелерин шаардагы башка мектептин окуучулары талкалап кетишкен. Аталган мектептин атын атагысы келбеген өкүлүнүн айтымында, тополоң чоң класстардын окуучуларынын өз ара араздашуусунан чыккан. (EBM)
XS
SM
MD
LG