Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

АКШ президенти ушул аптада Копенгагенге келет


Ак үйдүн билдиргенине караганда, Барак Обама Дания башкалаасында АКШнын өзү иштеп, жашаган шаары – Чикагонун 2016 –жылкы Олимпиаданын конок ээси болуу мүдөөсүнө колдоо көргөзмөкчү. Обаманын алдыдагы жума күнү Эл аралык Олимпия комитетинин сессиясына катышуусу - америкалык президенттин тарыхта буга окшогон жыйынга алгач ирээт келүүсү болот. 2016-жылкы Олимпиада үчүн талаптангандар арасында Чикагодон тышкары Токио, Мадрид жана Рио-де- Жанейро бар. Өз шаарларына колдоо көргөзүү үчүн Дания борборуна испан падышасы Хуан Карлос, Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва жана жапон өкмөт башчысы Юкио Хатояма да келгени жатат.

XS
SM
MD
LG