Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Батыш жана Орусия Ирандын ракета сынагына тынчызданды


Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу кечээ “Шахаб -3” жана “Сежил” үлгүсүндөгү ракеталарын сынган эле. Теграндын ырастоосунда алардын учуу жөндөмү 2000 чакырымга чейин. Башкача айтканда ал ракеталар Израилге, Европанын кээ бир бөлүктөрүнө жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерий базаларына жете алат.

Ак үй жана Франциянын тышкы иштер министрлиги Ирандын ракета атууларын “чагым” деп баалады. Сынак Ирандын расмий өкүлдөрү 1-октябрда Женевада АКШ, Кытай, Оруия, Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү менен кездешээр алдында болду. Анда Ирандын талаштуу өзөктүк програмасына байланышкан маселер талкууланышы керек.

Ал эми орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ Нью-Йоркто ирандык кесиптеши Манучекир Моттаки менен жолукканда, өзөктүк программага байланышкан кырдаал жөнгө салынбай турганда, ракеталардын сыналышы “кооптондурарын” айткан.

Орус тышкы иштер министри ошондой эле Иран тарапты уран байытуучу экинчи заводу боюнча маселелерди чечүү үчүн МАГАТЭ менен кызматташууга үндөдү. Тегеран уран байытуучу экинчи заводун жашыруун куруп жатканы эл аралык коомчулукка өткөн аптада гана белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG